Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук А.Асылбеков туристтерге бүркүтү менен шоу көрсөтөт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 19 жаштагы тургуну Айдар Асылбеков бүркүт багып, ат үстүндө жаа атат. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бүркүт бакканына 4-5 жыл болду.

«Каракөз жана Суубудай деген 2 бүркүтүм бар. Кошуна байке бүркүт бакчу. Аны көрүп суктанчумун. Мен да кошо жанында жүрүп эле кызыгып, бага баштадым. Бүркүткө күн алыс 700 граммга жакын эт беребиз. Көбүнчө көгүчкөндүн этин жейт. Бүркүткө дайыма өзүм көз салам. Анткени ал бир эле адамга көнөт, жакын болот. Эгер чоочундар жанына барса кол салышы мүмкүн. Кышкысын коен, түлкү, чөө алдырып, аңчылыкка чыгып турам. Жай мезгилинде келген туристтерге бүркүт шоу көргөзөм. Бүркүт шоу коюп, ат үстүндө жаа атып, коенго бүркүт салам, сүрөткө чогуу түшүп акча табам. Баасы 2,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин болот.

Мындан сырткары, туристтерди аттар менен экскурсия кылдырып, жайлоону, кооз жерлерди көрсөтүп, гид болуп да беребиз. Ал үчүн күнүнө 1 миң сомдон акы алабыз. Ата-бабаларыбыздан калган өнөрлөрүбүздү кенен жайылтууга өз салымымды кошсом деген максаттарым бар», - деди ал.

Мүнүшкөр учурда Каракол шаарындагы кесиптик окуу жайда билим алууда. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 640
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×