Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ошто добуш сатып алууга шектелген 58 жаштагы тургун дайынсыз жоголду (фото)

Turmush -  Добуш сатып алууга шектелип жаткан Ош шаарынын 58 жаштагы тургунуна издѳѳ жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

С.Алимов

А 50

Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 1959-жылы туулган тургуну А.С. ѳз үйүнѳн кечээ, 11-октябрда эртең менен чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Анын жакындары милицияларга А.С.нын дайынсыз жоголгондугун айтып, аны таап, коопсуздугун камсыз кылууну ѳтүнүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, А.С. өзүнүн 1953-жылы туулган жердеши К.Т. менен биргеликте добуш сатып алууга шектелип, тиешелүү материалдар 10-октябрда шаардык сотко жеке тартипте кароо үчүн ѳткѳрүлүп берилген.

«Шектүү текшерүү учурунда оң бутундагы байпагынан 100 миң сом акча каражатын алып чыгып, бул каражат "шайлоочулар үчүн" деп билдирген. Ал эми, анын жанындагы жердеши К.Т.нын ич кийиминен 85 миң сом акча шымынын багалегинен түшүп кетип, ал акчаны "айлык акым" деп түшүндүргөн. Бирок эртеси күнү кылмышка шектүү А.С. телеканалдардын биринен "милиция кызматкерлери коркутканынан акчаны шайлоочулардыкы деп койгом" деген таризде маек берген.

Учурда шектүү Ош шаардык милициясы тарабынан изделип жатат. Аны кайсы бир саясий күчтѳр коркутуп же уурдап кетип, ѳз пайдасы үчүн пайдаланышы мүмкүн деген божомолдор дагы бар. Учурда дайынсыз жоголгон А.С.га издѳѳ жарыяланды», - деп айтылат маалыматта.

Дайынсыз жоголгон киши Собиржон Алимов тууралуу сөз болуп жатат. Шектүү кармалгандан кийинки күнү НТС каналы С.Алимовдун кайрылуусун көрсөткөн. Ал милиция кызматкерлери коркутуп, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу тууралуу көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын билдирген. Ошондой эле, укук коргоо органдары автоунаасына баңгизат ыргытып жиберишерин убада кылышкандыгын айткан. Ал билдирүүдө табылган акчалар үгүтчүлөрдүн айлык маянасы экенин белгилеген болчу.

Буга чейин Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет көрүү фактысы аныкталып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын ИИМдин басма сөз кызматы тараткан.

Билдирүүдө айтылгандай, 10-октябрда президенттикке талапкерлердин биринин Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан башкы штабында коробкалар ташылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Саат 15:00 чамасында штабдан чыккан Daihatsu («Дайхатсу») үлгүсүндөгү унаа Амир-Темир кичи району тарапка жол тарткан. Садридин Айни көчөсүнө жеткенде унаа токтотулуп, айдоочусу — 1959-жылы туулган А.С., жүргүнчүсү — 1953-жылы туулган К.Т. экени аныкталган.

Унаа текшерүү үчүн Ош шаарына жеткирилип, текшерүү учурунда багажынан конверттер салынган 6 коробка табылган. Ал конверттерден талапкердин кол тамгасы коюлуп, жарандарга жолдонгон каттар чыккан. Ошондой эле, кармалган жарандардын жанынан 185 миң сом табылган. Ал эми, А.С. каражат шайлоочулардын добушун сатып алууга бөлүнгөнүн мойнуна алды.

Топтолгон материалдар чара кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга берилди.

Ошондой эле, териштирүү учурунда А.С. шайлоо штабындагы кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2940
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×