Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоңдогу рейд учурунда көлдөн 5 чакырым тор алынды

Turmush -  Тоң районунда жүргүзүлгөн рейдде көл ичинен 5 чакырым тор алынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Тоң районундагы инспектору С.Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, рейд Б.Мамбетов айыл аймагында көл жээгинде өткөрүлдү.

«Рейддин алкагында көлгө мыйзамсыз салынган 5 чакырым тор алынып, мыйзамсыз балык уулоого каршы иштер алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Рейддин максаты мыйзамсыз балык кармагандарга чара көрүп, торлорду жыйноо болуп саналат», - деди ал.

Рейдди райондук инспекторлор С.Жумалиев, З.Банкиров жана М.Тажиевдер жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 602
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×