Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Келечектеги жолдошум футболсуз жашай албашымды түшүнүшү керек, - мыкты коргоочу Арууке (фото)

Turmush -  27 жаштагы Арууке Таалайбек кызы 9 жашынан бери футбол ойноп, учурда «Абдыш-Ата» спорт клубунун машыктыруучусу болуп эмгектенүүдө. Ал көптөгөн республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, бир катар ийгиликтерди багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2017-10-12 at 11.35.44

«1999-жылдан бери футбол ойнойм. Бул командалык оюн болгондуктан, тайпалаштарың менен бир үй-бүлө болуп каласың. Мектепке киргенге чейин эле футболчу болууну каалачумун. Ал кыялым орундалып, мыкты оюнчу, эл аралык оюндардын жеңүүчүсү жана машыктыруучу болууга жетиштим. 2012-жылдан бери «Абдыш-Ата» футболдук клубунда машыктыруучу болуп эмгектенем. Буга чейин Гүлбара Уматалиеванын улуттук курама командасында жана «Азалия» клубунда машыктыруучу болуп иштедим.

Командам менен Кыргызстандын жети жолку чемпиону болуп, «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты оюнчу» наамдарына татыдым. 2010-жылы биздин команда Казакстанда өткөн оюнда жеңүүчү аталды. Ал эми, былтыр Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунга ээ болдук. Ал оюндарда Кыргызстандын жана Шотландиянын курама командаларынын капитаны болдум», - деди ал.

WhatsApp Image 2017-10-12 at 11.35.43

Анын айтымында, апасы алгач Аруукенин футбол менен машыгуусуна каршы болгон.

«Алгач апам футбол кыздар үчүн эмес экендигин айтып, абдан каршы болгон. Бирок ийгиликтеримди көргөндөн кийин көнүп калды. Ата-энем көп убакыттан бери Россиянын Москва шаарында жашайт. Апам мурун жеңил атлетика менен машыкчу. Мындан тышкары, бир тууган байкем да спорт жаатында ийгиликтерге жетишти. Туугандарым, досторум ар дайым мени колдоп, оюндарга келип, сүрөп турушат. Негизи спорттун бардык түрү артыкчылыктарга ээ.

WhatsApp Image 2017-10-12 at 11.37.20

Келечектеги жолдошумдун спорттун кайсы түрү менен машыкканы маанилүү эмес. Анын адамдык сапаты бийик болушу керек. Ошондой эле, ал менин футбол ойноомду түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Себеби мырзалардын көпчүлүгү футболду жакшы көрүп жана түшүнөт эмеспи. Менин футбол ойногонумду болочоктогу жолдошум кубануу менен кабыл аларына ишенем. Анткени айрым жубайлардай болуп жолдошум футбол көрүп жатканда жаман көрбөйм. Футболду жолдошум экөөбүз чогуу көрүп, бул тууралуу маселе жаралбайт деген ойдомун», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 2 бир туугандын экинчиси.

WhatsApp Image 2017-10-12 at 11.34.42

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 713
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×