Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн Саруу айылында МТС ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айыл аймагында «Саруу Дан сервис» деп аталган МТС өз ишин баштады. Бул тууралуу айыл аймак башчысы А.Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, аймакта ушул жылдын май айында дагы МТС ачылган.

«Бул ирет айыл аймакка дан бастыруучу жаңы 3 комбайн алынып келди. Түзүлгөн МТС эми айыл эли үчүн кызмат кылат. Учурда 8 киши иш менен камсыз болду. Техникалардын 30% Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 7 жыл мөөнөткө лизинг менен алынды», - дейт А.Чыныбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 360
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×