Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.10.2017 14:19

Жети-Өгүздө шайлоо күнү 120 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 49 миң 557 шайлоочунун тизмеси такталды. Бул тууралуу райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Алымбаев маалымдады.

Анын айтымында, район боюнча 45 шайлоо участкасы түзүлүп, 419 комиссия мүчөлөрү иштеп жатат. Үгүт иштерине байкоо жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, жер-жерлерде көзөмөл иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми РИИБдин маалыматына караганда, шайлоо күнү 120 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Райондогу ички иштер тармагындагы 80 ардагер, элдик кошуундун 450 өкүлдөрү да коомдук коопсуздукту сактоого тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×