Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк 27 жаштагы кыздын өлүмү: Салтанат экөөбүз бир ай мурун үйлөнгөнбүз, - жолдошу (видео)

Turmush -  Ысык-Көлдө бир тууган ага-ини тарабынан сабалып өлтүрүлгөн делген 27 жаштагы Салтанаттын сөөгү бүгүн, 12-октябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жерге берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркумдун бир туугандары бул кылмышка башка адамдардын да тиешеси бар экенин айтууда.

Алардын айтымында, Салтанат «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде курулуш бригадасында иштеп жаткан. Ал жерден аны тааныш кызы ээрчитип кеткен жана ал столдун буту менен таанылгыс болгуча сабалган.

«Ак көңүл, эч кимге жамандык кылбаган бир тууганыбыз бар эле. Эмне үчүн мындай мыкаачылык менен өлтүрүштү? Башы жанчылып калыптыр. Кебетесин энесине көргөзгөн жокпуз. Сөөктү жууганга киргенден коркуп жатышат. Анын өмүрүн өчүргөн мыкаачыларды кудай жазаласын», - дейт иниси Бекжан Толубаев.

Маркумдун 75 жаштагы энеси Айшакан апа кызы өтө жароокер болгонун, анын 5 жаштагы кызын кичинекейинен бери багып келгенин, аларга Салтанат жардам берип келгенин айтты.

«Небереме апасы тууралуу эмне деп айтарымды билбей турам. Ал «туугандардын бары келди, апам качан келет?» деп сураса, эмне деп жооп береримди билбей турам. Акыркы жолу картошка терип иштеп, тапкан акчасына кызына кийим алып берген. Тамак-ашты алып келип турчу», - деди апасы Айшакан.

Ал эми Салтанаттын күйөөсү — Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургуну Мартбек Байзаков алар 1 ай мурда нике кыйдырып, айылдаштарына жана туугандарына той бергенин айтат.

«Мен Салтанат менен август айында Чолпон-Ата шаарында таанышып, сентябрь айынын башында үйлөнгөнбүз. Нике кыйдырганыбыз менен нике тууралу күбөлүк алууга бара элек болчубуз. Экөөбүз бат эле бири-бирибизге көнүп кеттик. Ал мага «эркек бала төрөп берем» дечү. Ата-энесинин алдына баралы десем, «апам ооруп, жаңы эле айыкты, коё туралы» деп койгон. Биз 14-октябрда анын туулган күнүндө Теплоключенка айылына келмекпиз. Мен анын туугандары менен тааныша элек болсом да, апасы менен телефондон сүйлөшүп турчумун. Салтанат өтө камкор эле. Мен ооруп, ооруканага жатып калсам, мени карап 2 күн жанымда жүрдү. Андан кийин Теплоключенкага барып, картошка теришип келейин деп кеткен. Ал 29-сентябрда кайра мен иштеген жерге келген. Экөөбүз бирге иштеп жатканбыз. 9-сентябрда түшкү тамактануудан кийин жумуштан суранып, «Бостери айылына байкемдикине барам» деп кеткен.

10-октябрда саат 18:00 чамасында мага милиция кызматкерлери телефон чалышты. Мен өлүк сактоочу жайга барып, аны дароо эле тааныдым. Бирок анын кейпин көрүп, жыгылып кала жаздадым. Салтанатты таанылгыс абалга чейин сабашкан экен. Мен азыр да өзүмө келе албай жатам. Салтанат менден көп нерсени жашырган экен. Аны мыкаачылар менен байланыштырган бир нерсе бар болсо керек. Ал мага айта албай жашырып жүргөн окшойт. Бул окуя кылдаттык менен териштирилип, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек», - деди жолдошу М.Байзаков.

Буга чейин бир тууган ага-инилер 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүүгө шектелип кармалгандыгы маалымдалган.

Маалыматка караганда, 10-октябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында милицияга ооруканага оор абалдагы аял жеткирилгени тууралуу маалымат жеткен. Ыкчам-иликтөө тобу күбөлөрдөн маалымат алып, жабырлануучуну Бостери айылынын тургуну көчөдөн көрүп, тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгенин тактады. Бирок сабалган кыз эсине келбей каза болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон кыз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Э.Салтанат экендиги белгилүү болду. Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип бир тууган ага-инилер — 31 жаштагы Ж.Азат менен 32 жаштагы Ж.Болот кармалды.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Болжолдуу малыматтарга караганда, шектүүлөр менен 27 жаштагы Салтанаттын ортосунда спирт ичимдиктерин ичип отурган учурда чыр чыгып, алар кызды ур-токмокко алышкан.

Шектүүлөр

41

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25800
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×