Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарынга эртең памирлик кыргыздар келет

Turmush -  Нарынга эртең, 13-октябрда памирлик кыргыздар көчүрүлүп келет.

Маалым болгондой, учурда Афганистандан Кыргызстанга көчүрүлүп келген кыргыздар Жалал-Абадга жетишти. Алгач памирлик кыргыздар Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүнө жаткырылып, саламаттыгы текшерилип, дарылануудан өтүшөт. Андан соң Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик-техникалык лиыейдин жатаканасында кышташат. Кийин шартына байланыштуу айылдарга жайгаштыруу пландалууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Афганистандан 33 киши көчүрүлүп келген. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана кош бойлуу 1 келин бар.

Буга чейин Нарын облусуна памирлик кыргыздарды көчүрүүгө даярдык көрүү боюнча атайын жыйын өткөн. Ошондой эле, памирлик кыргыздардан 50гө жакын адамды көчүрүп келүү үчүн атайын топ жөнөп кеткен.

Тема боюнча:

05.05.2016«Тоолордо унутулгандар» — Памир кыргыздары жөнүндө фотодолбоор
11.08.2016Сентябрда Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жеткирилет
12.10.2016Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирилди
13.10.2016Фото - Памирлик кыргыздар көчүп-конуп жашашат, ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес, - Т.Жуманов
18.10.2016Памирдеги кыргыз жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес (фото)
17.12.2016Өкмөт быйыл Памирдеги кыргыздарга 10 млн сомдук жардам жөнөткөн
27.12.2016Өкмөт менен Жогорку Кеңеш Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келүү маселесин талкуулады
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 654
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×