Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.10.2017 12:06

Видео - Оштогу жаңы футбол академиясы эшигин ачты

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында ФИФАнын каржылоосу менен курулган футбол академиясы пайдаланууга берилип жатат. Буга чейин салтанаттуу түрдө өтө турган ачылыш аземге даярдык көрүлгөн.

Ачылышка президент Алмазбек Атамбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жашоочулар жана меймандар күбө болууда.

Буга чейин Turmush басылмасы курулуш аймагы 4 гектарды түзүп, курулуш иштерине ФИФА 1 млн доллар каражат бөлгөнүн маалымдаган.

Ошондой эле, Бахадыр Кочкаров объектте 2 чоң, 2 кичи футбол талаа, медициналык комплекс, спорттук зал жана 60 орунга ылайыкталган жатакана бар экенин билдирген.Анын айтымында, аталган академияда 1 миңден ашык бала машыкса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×