Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тагдыр: Ноокендин тургунун сүзүп, майып кылган жол тандабастын ээси бир жылдан бери табыла элек (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Ынтымак айылынын 54 жаштагы тургуну Акыл Сабырбековду былтыркы жылдын 13-сентябрында Ош—Бишкек унаа жолунун четинде бара жатканда ак түстөгү жол тандабас сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Сабырбеков катуу жабыркап, сол бутунун сөөктөрү жанчылып кеткен.

Кырсыкка кабылгандан кийин 3 айга жакын Шамалды-Сайдагы ооруканада жатып дарыланганына карабастан жараланган буту баспай, балдак таянып калган. Кээде кекечтенип сүйлөй албай калат. Бутуна коюлган темирлери терисин тешип кеткен.

«Былтыркы жылдын 13-сентябрында Ош—Бишкек жолунун Ынтымак айылынын тушунда ак түстөгү жип унаасы жолдошумду сүзүп, айдоочу качып кеткен. Ошол бойдон айдоочу дайынсыз болуп жатат. Жолдошум ошол кырсыктан кийин ден соолугун жоготту. Балдак менен басат. Майыптык үчүн пенсияга чыгаралы деп тийиштүү тарапка кайрылсак, невропатологдун да корутундусу болушу керек экен. Жолдошум оор абалда жаткан учурда ооруканадагы невропатолог өзү ооруп Бишкекте жүргөндүктөн башын дарылата алган эмеспиз. Атайын Жалал-Абад шаарындагы №1 ооруканага барсак кезек жетпей калды, ооруканага баруу керек болду. Кайрадан барууга, документтерди топтоого акчабыз болгон жок. Ошону менен жолдошумду пенсияга чыгара алган жокпуз. Ошол тапта улуу кызым экөөлөп кафелерде иштеп, дары-дармекке, балдарга тамак-ашка акча табалы деп өзүм оорулуу болуп калдым. Жолдошумду көрсөткөн учурда өзүм да катуу ооруп жүрдүм. Ошол учурда 9-классты бүткөн, билим алууга ынтызар болуп турган тун кызыма күч келди. Жалгыз ошол иштеп калды. Ошол үчүн да кайра дарыгерлерге кайрылган жокпуз», - дейт жабырлануучунун жубайы Сүйүнбү Акматова.

Ал маалымдагандай, Акылбек электрик болуп иштеп, муздаткыч, сыналгы сыяктуу техникаларды оңдоп, үй-бүлөсүн кем кылбай багып келген. Эми кайрадан операция жасатууга туура келүүдө, бирок алардын ага мүмкүнчүлүгү жок.

«Эми кайрадан операция жасатуу керек болуп жатат. Ага каражатыбыз жок болгондуктан кайрымдуу адамдардан жардам суроого туура келди. Бутуна коюлган темирлер денесин тешип чыгып кеткен. Бутун майлап, пахта коюп турабыз. Балдак менен кичине басып, кайрадан эле ооругандыктан отуруп калат. Оорудан кыйналып кетти», - деди жубайы.

Ал жолдошун майып кылган айдоочунун табылбай жатканына нааразы экендигин белгиледи.

«Унаанын оң күзгүсү түшүп калган экен, андан башка илинчек таппадык. Сосновкадагы өткөрүү пунктунан флеш-картадан видеотасмаларды алдырдык, карап жатабыз дешти эле, бирок жыйынтык бере элек», - деп кошумчалады ал.

Маалым болгондой, кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иш Ноокен РИИБге түшкөн. Учурда айдоочу изделип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×