Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Ата районунда Кыздар күнү белгиленди (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл ѳкмѳтүндѳ Кыздар күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн Ѳтөгөн айылындагы Жапаркул Алыбаев атындагы мектепте Эл аралык кыздар күнү салтанаттуу белгиленип, волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Оюндун жыйынтыгында Камчыбек Шакиров атындагы орто мектептин кыздары жеңүүчү болсо, 2-орунду Карыпбай Курманов атындагы орто мектеби, 3-орунду Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинин кыздары ээлешти. Жеңүүчүлѳргѳ баалуу белектер, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×