Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу берилбейт

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулду. «Бишкек суу канал» башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, «Батыш-2» суу алгыч бекетин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндө жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде таза суу берилбейт.

Анын ичинде:

- №31, 13, 8, 2 орто мектептерде, №9 окуу-тарбиялык комплексинде;

- №3, № 8, 22, 72, 164, 165, 167, №73 бала бакчаларда;

- «Балдарды коргоо борборунда»;  

- «Арпа» ААКта;  

- «Ош базары» ЖЧКда;

- «Берекет-Гранд», «Берекет-Универсал», «Берекет» соода комплекстеринде;

- Улуттук илимдер академиясында;

- Улуттук банкта;

- №2 шаардык төрөт үйүндө;

- Бишкек троллейбус башкармалыгында;

- №1 шаардык клиникалык ооруканасында;

- Некрасов көчөсүндө жайгашкан Бишкекборкомбинатында;

- Ленин райондук администрациясынын имаратында;

- Бишкек финансы-экономикалык академиясында;

- «Кыял» бирикмесинде;

- Кыргызстан Эл аралык университетинде;

- Батыш РЭСте (райондук электр түйүнү);

- КТРКнын имаратында;

- Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетинин имаратында;

- Ленин райондук сотунун имаратында;

- №100 кесиптик лицейде;

- Ж.Бөкөнбаев көчөсү №182 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана кыргыз энциклопедиясынын имаратында;

- «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасында;

- №2 тиш дарылоо эмканасында;

- Манас проспектисинин №16 дарегинде жайгашкан мейманканада суу берилбейт.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×