Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Сууда жүргүнчүлөрү бар кичи автобус «Лексусту» сүздү

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсык катталды.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 9-октябрь күнү саат 19:30 чамасында Ош—Бишкек жолунда «Лексус ЛХ 570» үлгүсүндөгү унаанын артынан Ош—Отуз-Адыр багытындагы жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус сүзгөн. Ошол убакта кичи автобустун артынан үчүнчү унаа — «Сузуки Альто» сүзүп токтогон. Кырсыктан адамдар жабыркаган эмес.

3 унаа тең оңдоого муктаж. Учурда тактоо иштери улантылып жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×