Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - Кара-Кечеде 200 миң тонна көмүр казылып алынды

Turmush -  Жумгал районунун Кара-Кече аймагында көмүр казуу иштери толугу менен жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө 200 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул тууралуу 10-октябрда облус башчы Аманбай Кайыповдун Кара-Кечеге болгон иш сапарында белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, 2017-2018-жылдарга карата Кара-Кече көмүр филиалы жалпы 350 миң тонна көмүр казууну пландаган. Учурда аталган карьерде 11 техника, экскаватор иштеп жатат.

«Өткөн жылы мамлекеттик ишкана 254 миң тонна көмүр беришкен. Бул жылы 350 миң тонна көмүр казуу пландалган. Азыр кышкы мезгилге даярдыкты Чүй, Ысык-Көл көрүп, көмүрдү ташып жатышат. Нарындыктар кар жаамайынча отурабыз.

Учурда Жумгал району боюнча жалпы билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары толугу менен кышка даярдалды, керектүү көмүр отундары тартылды. Ал эми айылдарда көмүр кампа ачуу жана социалдык абалы начар, жардамга муктаждар менен кары-картаңдарга акысыз көмүр берүү иштери жүргүзүлүүдө», - деди А.Кайыпов.

Аталган филиалдын директору Азат Сасыкулов учурда кенде кезек күтүү жок экенин, карьерде азыркы тапта 100 миң тонна көмүр даяр тургандыгын белгиледи.

«Күнүнө 100-120 унаа менен көмүр ташып кетип жатышат. Жакынкы күндөрү дагы жаңы техникалар алынып келүү алдында турат. Кенде 1 тонна көмүрдүн баасы 1200-1300 сом.
Жумгал районунун аймагындагы 11 айыл өкмөтүнө жана Ак-Талаа районундагы 2 айыл өкмөткө көмүр тартылды. Ошондой эле, тендер боюнча камсыздалган мекемелерге жеткирилди. Учурда Бишкек жылуулук электр борборуна 91 миң тонна көмүр тартуу иштери жүрүп жатат», - деди Сасыкулов.

Эске салсак, учурда Нарын шаарында көмүрдүн 1 тоннасы 3 миң сом болсо, Ак-Талаа районунда дагы ушул баа менен сатылууда. Ал эми Жумгал районунун айылдарында 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×