Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Ошто колу-бутун өзү таңып алып, «оюн» уюштурган депутат жазаланбайт

Turmush -  Ош шаарында колу-буту байланган абалда өзүнүн унаасынын багажына жатып алып, оюн уюштурган жигитке карата козголгон кылмыш иш токтотулду. Ал милицияга өзү кайрылбагандыктан чара көрүлбөй турган болду. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, алгач белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, шаарды дүрбөлөңгө салган жигит айыл өкмөттөгү жаштар комитетинде эмгектенет жана Ноокат районунда айылдык кеңештин депутаты.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 23-сентябрь күнү кечинде Ош шаарындагы аймактык милиция кызматкерлерине унаанын багажында колу-буту байланган жигит жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Багажда жаткан бала досторуна телефон чалып, куткарып кетүүнү өтүнгөн. Анын бул билдирүүсүнөн кийин милиция кызматкерлери менен достору ыкчам аракеттерди көрүп, Ош шаарынын четинен табышкан. Бирок табылгандан кийин 27 жаштагы жергиликтүү эл өкүлү: «Досторумду сынап, "игра" кылдым», - деп көрсөтмө берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×