Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Өкмөт: Н.Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча өкмөткө тапшырма берди

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү. Бул маалыматты 11-октябрда өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Казакстандын лидерине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды айтып, бул көрүнүштөн кыргыз-казак элине гана эмес, үчүнчү өлкөнүн жарандарына да ыңгайсыздыктар жаралып жатканын билдирди.

«Казакстандын президенти өкмөткө чек арада жаралган көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды», - деди Г.Төралиева.


Өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ, 11-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Сочи шаарына барган.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. «Сочи» эл аралык аэропортунда өкмөт башчыны Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алган.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы КРнын туруктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×