Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Күз мезгилиндеги пайдалуу 6 өсүмдүк

Turmush -  Күз мезгилинде колдонулуучу өсүмдүктөр витаминдерге бай болот. Бирок алар пайдалуу болгонуна карабастан оорудан жабыркаган адамдарга сунушталбайт.

Ашкабак

Ашкабак аз калориялуу (90% суудан туруп, 100 граммында 20-30 калория бар) өсүмдүктөрдүн катарын толуктап, арыктоо үчүн эң жакшы каражат болуп эсептелет. Ал А витамининин булагы болгон каротинге, Е жаштыктын витаминине, зат алмашуу процессине жана бөйрөктүн жакшы иштешине зарыл болгон К витаминине бай. Ашкабак — бөйрөк оорусу менен жабыркагандар үчүн эң жакшы каражат катары саналат. Аны бууга бышырып, сууга кайнатып жеп жана сүт азыктарынан жасалган шорпого кошсо пайдалуу. Арыктап жаткандар жана кант диабети менен ооругандарга ашкабактын таттуу сорту сунушталбайт.

Капуста

Капуста С витаминин булагы болуп саналат. Анын курамы кан айланууну камсыз кылуучу жана бөйрөктүн ишин жөнгө салуучу аминокислоталарга бай. Ошондой эле, ал элдик медицинада кеңири колдонулат. Кычкыл капуста гастрит, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдарга сунушталбай.

Алма

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алманы онкологиялык оорулардын алдын алууга колдонуу эффективдүү экени далилденди. Анын курамында С витамини бар. Алма инфаркт оорусуна чалдыгуу ыктымалдуулугун төмөндөтөт. Ичеги-карын оорулары менен жабыркагандарга алма аз өлчөмдө сунушталат. Ошондой эле, алманы жакшы көргөн аялдар сексуалдык жашоодо бактылуу боло тургандыгы далилденген.

Козу карын

Козу гарын эт жебеген адамдар (вегетариан) үчүн табылгыс азык болуп саналат. Ошондой эле, аны кожойкелер ар түрдүү салат, тамактарды жасоодо колдонушат. Уулу козу карындарды колдонуу бөйрөк ооруларына алып келет.

Токой жаңгагы

Токой жаңгагынын 60 пайызын май түзөт. Бирок ал пайдалуу болуп эсептелет. Токой жаңгагында нерв ооруларын алдын алууга көмөктөшкөн В витамининин тобу, аялдардын ден соолугуна керек болгон магнийге ээ жана аз кандуулукка пайдалуу. Ал калориялуу болгондуктан ченелген өлчөмдө колдонуу сунушталат.

Фейхоа

Бул өсүмдүктү жаңгак, бал, лимон менен аралаштырып жесе даамдуу болот. Ал эми, йодго аллергиясы бар адамдарга колдонууга тыюу салынат. Анын курамында йод көп болгондуктан бир мөмөсүн жеген жетиштүү. 100 гр фейхоанын курамында 8-9 мг баштап 30-35 мг чейин йод болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×