Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Кытайлык 3 кыз пластикалык операциядан кийин мекенине кире албай калышты

Turmush -  Кытайлык 3 кыз пластикалык операциядан кийин аба майданындагы паспорттук көзөмөлдөн өтө албай калышты, деп жазды Daily Mirror басылмасы.

pay-asiawire_cosmetictourists_01

Маалыматка караганда, алар Кытайдагы 7 күнгө созулган күздүн алтын жумалыгы майрамы учурунда Түштүк Кореяга жөнөшкөн. Кытайлык кыздар ал жактан пластикалык операция жасатып, үйлөрүнө кайтып келе жатканда паспорттук көзөмөлдөн токтотулган.

Операциянын жыйынтыгында алардын сырткы келбети өзгөрүп жана беттери шишип кеткен. Кыздардын учурдагы сырткы келбети менен паспорттогу сүрөтү дал келбей, алардын мекенине кайтуусуна тоскоолдук жаралган. Башына медициналык тасма оролгон турист кыздардын аба майданында документтерин колдоруна кармап, иммиграциялык кызматтын чечимин күтүп жаткан сүрөтү Кытайдагы социалдык тармактарда абдан белгилүү болуп, ага 51 миңден ашык жолу "жактыруу" белгиси басылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3426
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×