Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Караколдо Кыздардын эл аралык күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Каракол шаарында бүгүн, 11-октябрда Кыздардын эл аралык күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаардагы окуу жайдын студенттери жана мектеп окуучулары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө кыздардын укуктары, коомдогу ролу тууралуу маалымат берилип, кыздардын сексуалдык кулчулукка кабылышы, жумушсуздук маселелери айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды. Кыздарга арналган ырлар окулуп, флешмоб да өткөрүлдү.

«Кыздардын укугу боюнча долбоор жазып, кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууга аракет жасайбыз. Анын алкагында көлдүн тескей жээгин кыдырып, форум театр уюштурабыз», - деди 17 жаштагы Раида Токтоева.

Кыздардын эл аралык күнү 2012-жылдын 11-октябрында БУУнун Башкы ассамблеясында бекитилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 426
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×