Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букадагы ооруканада электрондук база ишке кирди (фото)

Turmush -  Ала-Бука райондук ооруканасында электрондук база иштеп баштады, деп билдиришти акимиаттан.

Маалым болгондой, райондук ооруканага бейтап тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн 30 компьютер алынган.

«Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оорукананын абалы менен таанышты. Министр ооруканада эмгектенген ак халатчандар менен жолугуп, «Жаңы доорго кырк кадам» программасындагы бейтап баянын электрондук программага киргизүү иш-чарасына арналган аземге катышты. Аймактык ооруканада мындан кийин бейтаптардын маалыматы жана оорунун белгилери электрондук базага киргизилет. Бул система өкмөттүн «Таза коом» долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Мындай система аркылуу дарыгерлердин иш кагаздары азайып, коррупцияга бөгөт коюу менен бейтаптардын кезек күтүүсүн жоёт», - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ооруканага 30 компьютер алууга 2 млн сом сарпталган. Учурда бул система менен иштөө үчүн ооруканадагы медициналык кызматкерлерге окутуулар жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×