Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Чүй

Кыргызстандын жаратылышы: Көздүн жоосун алган Аламүдүн шаркыратмасы (фото)

Turmush -  Аламүдүн коктусу Кыргыз Ала-Тоо кыркасында жайгашкан. Чүй облусунун Аламүдүн районуна карап, Кой-Таш айылына жакын жайгашкан. Бишкектен 30 чакырым аралыкта, түштүк тарабында. Кыргызстандагы эӊ кооз жерлердин бири ушул Аламүдүн коктусу жана Аламүдүн шаркыратмасы тууралуу изилдөөчү Гүлбара Оморова аймактык кабарчыга айтып берди.

22407433_2055009567858701_1278429117_n

«Капчыгайдан минералдуу булактар чыккандыктан, ал Жылуу-Булак деп да аталат. Ошондуктан Аламүдүн коктусуна жетпей курорт жайгашкан. Бишкектен курортко чейин унаа менен 1 саатка жетпеген убакытта жетесиз жана шаркыратмага 1,5-2 саат жѳѳ барасыз. Аламүдүн суусунун сол тарабы менен да барсаңыз болот. Чыйыр жол бар же болбосо кѳпүрѳдѳн ѳтүп суунун оң тарабы менен жакшы тапталган жол менен жүрүп отурасыз. Бара турган маршрут эң оңой. Аз убакыт коротуп, жаратылыштын сулуулугуна суктангыңыз келсе ушул жерди тандасаңыз болот. Унаа токтоочу жайдан шаркыратмага чейин 7 чакырымды түзѳт. Барып келишиңиз 14 чакырым болот. Маршрутта бир аз кооптуулук пайда кылган авариялык абалдагы кѳпүрѳ, айрыкча жаан, кар жааганда тайгалак болуп коркунучун жаратат. Бул тууралуу тиешелүү органдарга канча кайрылсак да кѳпүрѳ алмашылбай же оңдолбой койду. Бул жерге абдан кѳп адам эс алууга келет. Себеби Ала-Арча жана башка жаратылыш аймагындай кирүүгѳ тѳлѳм акы алынбайт», - деди ал.

22414365_2055010831191908_99902165_n

Г.Оморова коктунун эки бетиндеги тоолордо арчалар ѳсѳрүн да кошумчалады.

«Аламүдүн коктусу жылдын тѳрт мезгилинде тең ажайып кооз, ѳзгѳчѳ күз айында айлана сары түскө боелуп, арчалар жапжашыл бойдон керемет кѳрүнүштѳ болот. Кыш айында арчалар менен тѳшѳлгѳн тоо коюну аппак болуп, жомокко кирип келгендей жагымдуу сезимдерди пайда кылат. Жаз айында бул жерде тоо карагаты, ит мурун, жапайы мѳмѳлѳр гүлдѳп жана коктуда кѳптѳгѳн гүлдѳрдүн түрү ѳсѳт. Алар жоогазын, байчечекей жана башка дары-дармек ѳсүмдүктѳрү да кездешет. Жайында ысыктан качып, эс алууга кѳптѳгѳн коноктор жана шаардын тургундары келишет.

22429332_2055007607858897_2072773345_o

Кокту менен ѳйдѳ кеткенде ал жайылып ѳрѳѳнгѳ айланып Салык колотун түзѳт. Салыктын астында коктунун сол жагында тар бийик аска кыртышы менен курчалган жайда 2 миң 220 метр бийиктикте Аламүдүн шаркыратмасы орун алган. Шаркыратманын бийиктиги 15-17 метр болот, каскады менен кошулуп, агып чыгуу күчү орточо десек жаңылбайбыз. Андан Аламүдүн суусу агып чыгат да, ѳрѳѳнгѳ жайыла агып, ал жердеги булактарды чогултуп чоң суу болуп Бишкекке агып түшѳт. Капчыгайдагы эң көрүнүктүү чоку — Усаченко. Анын бийиктиги 4 миң 650 метр. Кыргызстан чокусу деңиз денгээлинен 4 миң 860 метр бийик. Шаркыратманын толук аталышы — Аламүдүн. Коктунун аталышынан жана ушул жерде жайгашкандыктан шаркыратма дагы, суу дагы ушундай аталып калган. Кышында шаркыратма кооз формада муз болуп тоңуп калат», - деди изилдѳѳчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×