Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Мыйзам долбоор үчүн интимдик кызмат: Актрисанын 4 депутатка берген убадасы (видео)

Turmush -  Россиялык белгилүү порноактриса Екатерина Макарова Мамлекеттик думанын 4 лидерине ICO жана криптовалюталарды легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ошондой эле, ал депутаттар бул мыйзамды кабыл алып беришсе, аларга интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтөрүн билдирди. Актриса мындай билдирүүсүн тасмага түшүрүп, интернетке жайгаштырды.

Ал тасма аркылуу Россиянын келечегине кайдыгер эмес экендигин айтып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колунан келген аракетин жасай турганын билдирди.

«Криптовалютаны мыйзамдаштырууга көңүл бөлбөө өнүгүүгө тоскоолдук жаратуу дегенди түшүндүрөт. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу биздин өлкөнүн дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекет болуусуна шарт түзөт. Мыйзамды кабыл алып жана мени убактылуу колдонсоңор болот», - деди ал.

Эгер аталган мыйзам долбоор кабыл алынса, анда Екатерина Макарова Дмитрий Медведевге, Геннадий Зюгановго, Владимир Жириновскийге жана Сергей Мироновго интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2511
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×