Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Төрөттөн кийинки өлүм: Жалал-Абадда 31 жаштагы мугалим дарыгерлердин айынан каза болду, - иниси

Turmush -  Чаткал районундагы 31 жаштагы мугалим Жылдыз Төрөбекова Ала-Бука райондук ооруканасынын кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам төрөттөн кийин каза болду. Мындай маалыматты Жылдыз Төрөбекованын иниси Султан Төрөбеков билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу эжеси 5-сентябрда Чаткал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кайрылган. Ал жерден акушер-гинеколог Динара Мунарбаева карап, «балаңдын салмагы чоң экен, операция жолу менен төрөйсүң» деп, аны Ала-Бука аймактык ооруканасына жөнөткөн. 6-сентябрь күнү Жылдыз Төрөбекованы кайненеси жана райондук оорукананын акушер-гинекологу Ала-Бука райондук ооруканага саат 17:30 чамасында алып барышкан. Дарыгерлер аны бир ирет карап, кайненесине толгоосу келе элек экенин айтып, эжеси менен кошо баргандарды жөнөтүп жиберген.

«Ошол эле күнү саат 22:00дөн өткөндө толгоосу башталып, саат 01:00гө чейин өзүн төрөтүүгө аракет кылышкан. Түнкү саат 01:00дөн өткөндөн кийин Мейман Жолдубаева аттуу дарыгерди чакыртышып, операция жасашкан. Операция жолу менен көз жарган соң, 6 күн ошол ооруканада жаткан. 12-сентябрда дарыгерлер эжемди УЗИге тартпастан, апам Зайна Төрөбековага «кызыңыздын ден соолугу жакшы экен, эненин да, баланын да абалы жакшы» деп чыгарып жиберишкен. Бирок апам дарыгерлерге «кызымдын ичи катуу болуп турат» деп кайрылган. Дарыгерлер «жатыны чоң экен, жыйрылганда жакшы болуп калат» деп айтышкан. Үйгө баргандан кийин 3 күн өткөн соң эжемдин дене табы көтөрүлүп, Чаткал райондук ооруканага алып барышкан. Алар райондук ооруканага жиберип, ал жерден Динара Мунарбаева деген акушер-гинеколог карап, операция жасаган Мейман Жолдубаева менен сүйлөшүп, 2 күн дарылаганы менен абалы өзгөргөн эмес. Ошентип кайрадан Ала-Бука райондук ооруканага 18-сентябрда алып барышкан. 19-сентябрда УЗИге тарттырышып, «жатыны жакшы экен, ичегиси менен майы оролуп калыптыр» дешип, экинчи жолу операцияга алып киришкен. Экинчи жолку операцияда жатынын да алып салышкан. Бул жолку операция эжемдин абалын жакшыртпастан тескерисинче кайрадан оорлотуп, заарасы чыкпай калган. Заарасы чыкпаса да дарыгерлер 2 күн чара көрүшкөн эмес.

Абалы начарлай бергендиктен апамдар "Ошко алып барабыз" дешсе, Мейман Жолдубаева Оштогу дарыгерлердин дайындоосу менен карап жаткандыгын айткан. Ага карабастан тартышып жатып, Оштон тез жардам кызматын чакыртышкан. Жарым жолдон тез жардам унаасы Ошко алып кеткен. Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери: «кайсы дарыгер караган, ушунчалык оор абалга чейин алып отура бериштиби?» дешкен. 22-сентябрда саат 13:00дөн 16:00гө чейин үчүнчү жолу операция жасалган. Андагы дарыгерлер «жатыны жок экен, табарсыкты бөйрөктөн келген каналдар жарып салыптыр, биз колдон келген аракетти жасадык» дешти. Урологдор жатында кан, ириң калып калганын айтышты. Ошол күнү эжемдин кан басымы түшүп, түнкү саат 23:00дөр чамасында каза болуп калды. Ала-Бука райондук ооруканасынын дарыгерлери эжемдин жатынын алышканын айтышкан эмес. Биз Ош облустук ооруканага барганда билдик. Оштогу дарыгерлер жатындын анализин жөнөтпөгөндүгүн айтышты. Райондук оорукананын дарыгерлеринин шалаакылык мамилесинен улам эжем каза тапты. Буга чейинки үч баласын тең өзү төрөп келген, ден соолугу чың болчу», - дейт бир тууган иниси.

Жылдыз Төрөбекованын артында төрт баласы калды. Улуу кызы 3-класста, кийинки баласы 2-класста окуса, үчүнчүсү 5 жашта. Төртүнчү наристеси кыз төрөлгөн, азыркы тапта чоң энеси карап жатат. Ал Каныш-Кыя айылында Байдөлөтов мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенчү.

Ал эми Ала-Бука аймактык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Айнура Мырзалиеванын айтымында, бейтапка жардам берүү үчүн дарыгерлер болгон күч аракетин жумшады.

«Жылдыз Төрөбекова бизге Чаткалдан жөнөтүлгөн. Мурунку төрөтүндө 4 кг 800 грамм төрөгөн экен, бул кызы да 4 кг 850 грамм болуп төрөлдү. Наристе чоң болгону үчүн операция жолу менен төрөтүлдү. Төрөттөн кийин аялдын, баланын да абалы жакшы болчу. Экөөнүн тең абалы жакшы болгондуктан 12-сентябрда үйүнө чыгарылган, өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине өткөрүлүп берилген. 18-сентябрда кайрадан биздин ооруканага кайрылышкан. Келин ичи бир аз шишип калганын айткан. Ал күнү дарыгерлер көзөмөлгө алышып, эртеси УЗИге тарттырып, ичинде кан уюп калгандыктан кайрадан операция жасашкан. Биздин кызматкерлер колдон келген аракетин жумшашты. Биз дагы кайгырып жатабыз. Эч бир дарыгер мындай окуяны каалабайт», - деди А.Мырзалиева.

Анын айтымында, келинге «операциядан кийинки эндометрид, аз кандуулук (вялотекущий серозный перитонит, атипическое течение, сепсис) деген диагноз коюлган.

Дарыгер белгилегендей, Ж.Төрөбекованы Ош облустук ооруканага жөнөтөрдөн мурун облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана облустук клиникалык оорукананын жетекчилиги менен макулдашуу болуп, андагылар Ош облустук оорукана менен байланышкан соң багыттама берилген.

«Облустук ооруканадан реанимобиль унаасы чакыртылып, 2 дарыгер, 2 медайымдын коштоосунда Ошко жиберилген. Биз жардам беребиз деп жаман көрүнүп калдык», - дейт аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары А.Мырзалиева.

Анын белгилөөсүндө, Чаткал району менен Ала-Бука райондук ооруканасынын деңгээли бирдей. Келинге багыттама облустук төрөт үйүнө берилсе туура болмок.

Бул окуя боюнча Ж.Төрөбекованын жакындары Ала-Бука райондук прокуратурага кайрылышкан. Азыркы тапта Ала-Бука РИИБ териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11387
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×