Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ош шаарында кезектеги жаңы бала бакча ачылды

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка-2 аймактык кеңешиндеги Дача тилкесине алгачкы жолу 75 орундуу бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Мэрдин айтымында, 3 жыл аралыгында шаарда 8-бала бакчаны ачып жатат. Кезектеги бала бакча жергиликтүү бюджеттен 10 млн 200 миң сомго курулду.

Жергиликтүү тургун Гүлсара Жолдошова бала бакчанын жоктугунан балдары үйдө караганга аргасыз болуп келгенин айтты.

«Балдарды үйгө таштап кетүүгө аргасыз болчубуз. Эми бала бакча ачылып, сүйүнүп турабыз», - деди Г.Жолдошова.

Ал эми, 4 жаштагы Салиха Жыргал кызы атайын коноктор келет деп ыр жаттап келген.

«Менин эми бала бакчада көп досторум болот. Ошолор менен ойнойм. Мага дайыма апам ырларды үйрөтөт. Бала бакчада дагы ырдап берем», - деди ал.

2 кабаттуу жаңы имарат 75 балага ылайыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×