Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Мугалим С.Васикова 33 жыл ичинде көптөгөн кесипкөй инсандарды тарбиялады (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 50 жаштагы тургуну Светлана Васикова 33 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенет. Ал «Билим берүүнүн мыктысы» жана «Профсоюздун мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Анын айтымында, эмгек жолун пионер отрядынын башчысы болуу менен баштаган.

«Балалык кезим Казакстандын Степняк шаарында өттү. Ошол мезгилде эле мугалим болууну кыялданчумун. 7-класска чейин аталган шаардагы мектептердин биринде билим алып, андан кийин үй-бүлөм менен Кыргызстанга көчүп келдик. Окуумду Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №1 орто мектебинде уланттым. 1984-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, ушул эле мектепке пионер отрядынын башчысы болуп кабыл алындым. 1988-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайына тапшырып, аны 1993-жылы артыкчылык диплом менен бүтүрдүм, - деди ал.

С.Василкова «Жогорку даражадагы мугалим» наамынын ээси.

«Жогорку окуу жайдан райондогу №2 «Наристе» бала бакчасына тарбиячы кылып жөнөтүштү. 1995-жылы №4 мектепке башталгыч класстын мугалими болуп кирип, 2009-жылга чейин эмгектендим. Үстүбүздөгү жылы мектеп директорунун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым.

Ошондой эле, Ысык-Ата райондук башталгыч класстын мугалимдеринин методикалык бирикмесин жетектейм. Эл агартуу тармагында 33 жыл эмгектенип, көптөгөн кесипкөй инсандарды тарбияладым. Окуучуларымдын ийгиликтерин угуп, көрүп сыймыктанам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×