Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө ур-токмоктун курмандыгы болгон 27 жаштагы Салтанат тууралуу айылдаштары эмне дейт?

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Салтанат ур-токмоктун курмандыгы болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, акыркы убакта ал Бостери айылында жашап жаткан. Туугандарына Чолпон-Ата шаарында иштеп жаткандыгын айткан.

Айылдаштарынын айтымында, анын өзүнүн аты Чынара болчу. Бирок кайненесинин ысымы дагы Чынара болгондуктан, аны Салтанат деп коюшкан. Ал Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылына турмушка чыгып, кийин ажырашып кеткен. Анын 5 жаштагы кызы бар. Өзү үй-бүлөдө 8 бир тууган. Алардын ичинен экөө каза болуп, учурда 4 кыз, 2 эркек калды.

«Ал кафелердин биринде иштеп жүрчү. Ошондой эле, биржада картошка терип иштеп, жакында эле кызына кийим алып берген. Өлүк сактоочу жайга жездеси жана байкеси кирип таанышкан», - дешти айылдаштары.

Туугандарынын айтымында, бул ишке үчүнчү кишинин тиешеси бар жана ал эркиндикте жүрөт.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБден маалымдашкандай, бир тууган ага-инилер 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүүгө шектелип жатат.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-октябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында милицияга ооруканага оор абалдагы аял жеткирилгени тууралуу маалымат жеткен. Ыкчам-иликтөө тобу күбөлөрдөн маалымат алып, жабырлануучуну Бостери айылынын тургуну көчөдөн көрүп, тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгенин тактады. Бирок сабалган кыз эсине келбей каза болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон кыз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Э.Салтанат экендиги белгилүү болду. Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип бир тууган ага-инилер — 31 жаштагы Ж.Азат менен 32 жаштагы Ж.Болот кармалды.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөр

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1809
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×