Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кикбоксинг боюнча Азиянын 3 жолку чемпиону А.Үсенов эл аралык класстагы спорт чебери болду (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 23 жаштагы тургуну Акылбек Үсенов 10 жылдан бери күрөштүн бир нече түрү менен машыгат. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарга катышып, бир топ ийгиликтерди багындырды. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

«Бала кезимде спортчулардын таймаштарын сыналгыдан көрүп, абдан кызыкчумун. Мелдештерге чыккан мушкерлерди туурап машыга берчүмүн. Спорт менен 10 жылдын бери машыгам. Бул жылдардын аралыгында көптөгөн таймаштарга катышып, алдыңкы орундарды багындырдым. Кикбоксинг боюнча Азиянын 3 жолку жана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болдум.

Ошондой эле, Ялтада өткөн дүйнөлүк чемпионатта кубокту утуп жана бирма боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагындым. Кикбоксинг, тай жана бирма боксунан тышкары футбол, волейбол ойногонду жактырам. Машыктыруучумдун жетекчилиги астында күнүнө 2 саат машыгам. Учурда көптөгөн мыкты спортчуларга колдоо жок болгондуктан алар таймаштарга катыша албай жатканына капамын», - деди ал.

Спортчу Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында туулган.

«Кыргыз экениме ар дайым кубанам. Ата-энемдин, бир туугандарымдын жана машыктыруучумдун колдоосу менен кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорт чебери аталдым. Мени колдогон жана жол көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Акылбек Үсенов жубайы экөө 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×