Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Арман дүйнө: Эрте өчкөн өмүрлөр...

Turmush -  Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууларга учурады. Эми гана канатын жайып, эл-жерге кызматын жасап жаткан уул-кыздарынын күтүүсүз өлүмү калың калктын кабыргасын кайыштырып, сай-сөөгүн сыздатып, көкүрөгүн өрттөдү.

Аз жашап, бирок көп иш жасаган мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Алардын эмгеги, жаркын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталып кала берет...

Терең билими, көрөгөчтүгү жана чыныгы патриоттук сезими менен вице-премьер-министрликке чейин жетип, күндөп-түндөп жумушка берилген Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында 38 жашында жол кырсыктан көз жумду. Анын артында 3 кызы, жубайы, ата-энеси жана иниси менен 2 карындашы калды.

Темир Жумакадыров

7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам — Т.Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, буудай ташып бара жаткан унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды.

Шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү республикалык штабдын башчысы болгон Т.Жумакадыров шайлоого карата Таластагы даярдыкты текшерүү үчүн жолгон чыккан эле. 

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 9-октябрда Бишкек шаарында өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уюштурулуп, президент А.Атамбаев баштаган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жакындары жана шаардыктар катышып, денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Т.Жумакадыровдун жардамчысы — 32 жаштагы Нурлан Жамгырчиев 8-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда акыркы сапарга узатылган. Анын артында үй-бүлөсү жана 1 уулу калды.

Темир Жумакадыров менен бирге жол кырсыктан каза болгон Нурбек Муканов Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду. 33 жаштагы Нурбек Мукановдун артында жубайы жана 1 баласы калды.

Ырчы Гүлбү Орозкул кызы 8-октябрда Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылып, Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө коюлду. Эстрада жана фольклор ырларынын аткаруучусу 2017-жылы 1-ноябрда 41 жашка толмок. Дарыгерлер маркумдун ичине кан толуп, өлүмгө себеп болгонун айтышкан.

Ырчы менен мурунку жолдошу — төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эки кызы бар. Улуу кызы жакында биринчи перзентин жарыкка алып келген эле.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир тууган. Андан кийин 2 иниси бар. Атасынан 1 жашка чыкканда ажыраганын журналисттер менен болгон мегинде эскерген болчу. Ырчынын апасы 60 жашта.

Гүлбү Орозкул кызы

Кыздары менен

11

Эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы 2017-жылы 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунда акыркы сапарга узатылды. Ырчы айым 31-августта 42 жашында каза болгон.

Дарыгерлер ырчынын өмүрү жүрөк оорудан улам үзүлгөнүн айтышкан. Анын артында бир кызы калды. 

Эльмира Кайып кызы

«Дүйнө сулуусу-2013» сынагына Кыргызстандын атынан катышып келген Жибек Нукеева узакка созулган оорудан кийин 2017-жылдын 16-июлунда 22 жаш курагында көз жумду. 2013-жылы «Кыргызстан сулуусу» наамына татыган Жибектин артында 1 жашка толо элек (учурда 11 ай болду) уулу калды.

Жибек өзү социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу кош бойлуулуктун 7-айында сөөктөгү рак дарты менен жабыркаганын билгенин айтып, операция үчүн элден жардам сурап кайрылган. Аз убакыт ичинде атайын ачылган эсепке операция үчүн зарыл болгон 80 миң долларга жакын каражат топтолгон эле. Жибекти жакындары Израил, Түркия жана Италиядагы эң алдыңкы клиникаларга көрсөтүп келишкен.

Нукеева Жибек

Жибек Нукеева

Жибек 1

Эстрада жана фольклор жанрындагы ырларды аткарып, «Кыз-жигит» сармерден теледолбоорунда шайыр жеңе катары эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Гүлзат Батырканова болгону 41 жыл жашады. Ал 2015-жылдын 2-январында үй-бүлөсү менен Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыкка кабылып, ооруканадан көз жумган.

Эл артисти Шахра Талипованын жолун жолдогон кызы Г.Батырканова менен бирге аткарган ырлары сакталып калды. Маркумдун артында жолдошу, уулу жана кызы бар.

Гүлзат Батырканова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
maratkanay
00:00, 12 октября 2017
Аза кайрылуу болсун... Кыргыздын эрте кеткен азаматтарына Бекмамат Осмонов, Раатбек Санатбаев, Рыспек Акматбаев, Баяман Эркинбаевдерди да кошоор элем. Улут учун куйгон азаматтар эле.
Нет аватара
eddi8
15:10, 11 октября 2017
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Арты кайрылуу болсун.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×