Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

АКИ-ТV: Кыргыз-казак чек арасынан фоторепортаж

Turmush -  Учурда көпчүлүктү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал кызыктырып жатат. Көпчүлүктүн суроосуна жооп берүү үчүн АКИpress агенттигинин кабарчылары чек арадан түз видеотасма көрсөтүштү.

Маалым болгондой, кечээ кечинде «Ак Жол» өткөрүү пунктунда унаа тыгыны пайда болуп, чек арадан өтө албай жаткан жүргүyчүлөр топтолгон.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу билдирүү жасаган.

Анда: «2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жана жарандарды өткөрүү чектеш мамлекеттер тарабынан күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылып жатат. Буга байланыштуу мамлекеттик чек арада жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы топтолууда. Ошондой эле, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-октябрда саат 20:00дөн баштап президенттик шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзөт. Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө чектөөлөр коюлган жок.

Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат», - деп айтылат.

Айдоочулар менен жергиликтүү таксисттер аталган тилкеде мындай тыгын көптөн бери болбогонун белгилешти.

Алардын айтымында, Кыргызстандан Казакстанга 1 сааттын аралыгында 2 унаа өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×