Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарын облустук драма театрынын жетекчилигине Т.Сманбеков келди

Turmush -  Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын жетекчиси болуп Сманбеков Темирлан Камашевич дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга театрдын бөлүм башчысы Гүлнара Акунова билдирди.

1Темирлан Сманбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. 1975-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Ош пединститутунун музыкалык педагогика факультетине барып, 1976-1977-жылдары Ош кыргыз драма театрында иштеген.

1978-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтуна тапшырып, аны 1983-жылы аяктайт.

Андан соң Ысык-Көл драма театрында, 90-жылдардын башында Бишкектеги республикалык жаштар жана жеткинчектер театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында жана анын алдындагы театр окуу жайында мугалим, андан соң директор болуп иштеген. 2004-жылы Темирлан Сманбеков Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрына директор болуп дайындалган. 2007-жылдын күзүнөн тартып Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын жетекчилигине которулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2915
Көп окулду
×