Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Суу шаарына жаңы мэр шайланды

Turmush -  Кара-Суу шаарынын мэри болуп Куттубек Козубаев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бүгүн, 11-октябрда Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлоо үчүн добуш беришти. Буга чейин шаардын мэри кызматына Кутубек Козубаев жалгыз талапкер болуп катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 25 эл өкүлү жалгыз талапкерди колдосо, төртөө каршы чыккан. Ал эми, 2 депутат шайлоого катышкан жок. К.Козубаев КСДПдан Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты болчу.

Буга чейин Кара-Суу шаарынын мэри кызматын Зарлык Тунгунбаев аркалап келген. Ал 2013-жылы шайланып, 2017-жылдын октябрь айына чейин эмгектенди.

Кутубек Козубаев (ортодо)

1

Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 2017-жылдын 3-сентябрында өтүп, 3 партия мандаттарга ээ болушкан.

31 мандатты бөлүшкөн партиялар:

- КСДП — 3 миң 762 (63,2%) добуш;

- «Мекеним Кыргызстан» — 752 (12,6%);

- «Кыргызстан» — 573 (9,6%).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 888
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×