Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абалга билдирүү жасады

Turmush -  Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу билдирүү жасады.

«2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жана жарандарды өткөрүү чектеш мамлекеттер тарабынан күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылып жатат. Буга байланыштуу мамлекеттик чек арада жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы топтолууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-октябрда саат 20:00дөн баштап президенттик шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө чектөөлөр коюлган жок. Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат», - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө бардык өткөрүү пункттарына мамлекеттик чек арадан өтүүнүн эрежелери жазылган маалымдама такталар орнотулуп жана Кыргызстандын Чек ара кызматынын ишеним телефон номуру жазылганы белгиленген.

Буга чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрүү пунктунда бир нече саатка созулган тыгын пайда болгон.

Окуянын күбөлөрү «Репортер» басылмасына билдирген маалыматка караганда, Казакстан тарап көзөмөлдү күчөтүп, унаалар 4-5 саатка чейин чек арадан өтө албай турушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 842
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×