Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Телефондогу алдамчылар: Уулунун үнүн туурагандарга алданган эне 120 миң сом берген

Turmush -  Ош облусунун аймагында жыл башынан бери телефон аркылуу алдамчылык кылган 18 факты катталды. Анын ичинен жабырлануучулар зыянга учураган эң чоң сумма 120 миң сом болгон.

Жергиликтүү жашоочуга (аял киши) баласынын үнүн туурап сүйлөгөн алдамчылар 120 миң сомун алдап алышкан, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

«Жарандарга телефон аркылуу алардын жакын адамдарына жардам керектигин айтып алдаган алдамчылар пайда болууда. Муну менен көп өлчөмдөгү каражат чыгым кылган учурлар катталууда. Милиция кызматкерлери жарандарды сак болууга чакырат», - деп айтылат маалыматта.

Ар кандай кырдаалда милиция кызматкерлеринин жардамына муктаж болгон жарандар 102 номуру аркылуу байланышка чыкса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×