Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тагдыр: 8 баланын 78 жаштагы атасы А.Эсенканов карылар үйүнө кантип келгенин айтып берди (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарына караштуу Бает айылынын 78 жаштагы тургуну Эсенканов Алымкул ата 2 айдан бери Балыкчы шаарындагы «Нафил» карылар үйүндө жашайт.

А.Эсенкановдун айтымында, анын үйү өрттөнүп кеткендиктен айыл өкмөт тарабынан карылар үйүнө арыз берилип, бул жакка келүүгө аргасыз болгон. Анын 7 уулу, 1 кызы бар.

«Үйүм күйүп кетип, ушул жерге келип отурам. Балдарымды жакшы багып чоңойтком, жубайым өтүп кеткенине көп жыл болду. Кан басымы жогору болчу, айыкпай өтүп кетти. Жубайым кайтыш болгондон кийин турмушум өзгөрдү. Балдар карыганда карабай калышат экен. Барынын өз үй-бүлөлөрү бар. Өзүм райондук компартияда иштегем, финансы боюнча билим алгам. Балдарым таштагандан бери келип кабар ала элек. Алар чоңойгондо укпай калат экен, өз билгендерин жасашат. Бул жерде тынч, жакшы карашат. Үйүм өрттөнүп, документтеримдин бары күйүп кеткен. 2 айдан бери пенсия ала элекмин. Балдарым документтеримди бүтүрүп келебиз деп кетишкен, бирок келе элек», - деди А.Эсенканов.

Карылар үйүнүн жетекчиси Э.Түмөнбаеванын айтымында, Алымкул атаны балдары убактылуу таштап кетишкен.

«Атанын 7 баласы тең баккандан баш тартып, кагаз түрүндө жазып беришкен. Менин билишимче келиндери "эмне үчүн биз багабыз, башка баласы баксын", деп бири-бирине атаандашып, эч кимиси бакпай койгон. Документтери тууралуу балдарына телефон чалсам өчүрүлгөн болуп жатат», - деди Э.Түмөнбаева.

20171011_084723-1  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9261
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×