Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдө бир тууган ага-инилер 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүүгө шектелүүдө

Turmush -  Ысык-Көлдө бир тууган ага-инилер 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-октябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында милицияга ооруканага оор абалдагы аял жеткирилгени тууралуу маалымат жеткен. Ыкчам-иликтөө тобу күбөлөрдөн маалымат алып, жабырлануучуну Бостери айылынын тургуну көчөдөн көрүп, тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгенин тактады. Бирок сабалган кыз эсине келбей каза болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон кыз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Э.Салтанат экендиги белгилүү болду. Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип бир тууган ага-инилер — 31 жаштагы Ж.Азат менен 32 жаштагы Ж.Болот кармалды.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Болжолдуу малыматтарга караганда, шектүүлөр менен 27 жаштагы Салтанаттын ортосунда спирт ичимдиктерин ичип отурган учурда чыр чыгып, алар кызды ур-токмокко алышкан.

Шектүүлөр

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6333
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×