Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Эгиздер: Таластык 3 эм Айзат, Гүлзат жана Бекзат окууларын аяктап, үй-бүлө күтүштү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 21 жаштагы тургундары Каныбеков Бекзат менен Айзат, Гүлзат Каныбековалар 3 эм болуп төрөлгөнүнө сүйүнүшөт. Эгиздерден аймактык кабарчы кабар алды.

Алардын улуусу Айзаттын айтымында, 1996-жылы 8-январда төрөлүшкөн.

«Улуусу мен, менден кийин Гүлзат, андан кийин Бекзат төрөлгөн экен. Кичине кезибизде эрегишип көп урушканбыз. Азыр чогулуп эстегенде күлөбүз. Бекзат эркек болгондуктан айырмасы көп. Гүлзат экөөбүздү мектептен эжелерибиз бардыгы эле таанып, калыбыздан айырмалашчу. Окууну аяктап, Таласта медициналык колледжге келгенде окшоштугубуздан көп маселе болду. Бирибиз жооп берсек, мугалимдер кайра эле тургузуп сурай беришчү. Кээде бирибиз окуп барып, бирибиз алыста бекинип отурчубуз (күлүп). Окшош кийинсек баары карагандыктан уялып, ар кандай кылып кийинчүбүз.

Азыр мен Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында турмуштамын. Жолдошум менен 1 баланы тарбиялап жатабыз. Гүлзат Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөсү менен толуктоо күтүшүүдө. Бекзат болсо мугалим болуп эмгектенет.

Атам Каныбек Жуманалиев, апам Чолпон Тыналиева бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтушту», - деди ал.

3 эмдер үй-бүлөдө 6 бир тууган. Алардан улуу 1 агасы, кичүү 2 иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7932
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×