Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды, - РИИБ (видео, фото)

Turmush -  Сузак районунда шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бидирди.

Маалыматка караганда, Сузак РИИБге жергиликтүү тургундар тарабынан арыз түшкөн. Анда алар президенттикке талапкерлердин бири шайлоочулардын добушун сатып алуу максатында ар бир үйгө бир каптан ун таратып жатышканын айтышкан.

Аталган арыз боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада 5 факт аныкталган. Бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, Сузак районунун сотуна өткөрүлүп берилген. Тургундар таратылган унду милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Арыздануучулардын бири – Сузак районунун Сузак айылынын 1959-жылы туулган тургуну Усманов Кодиржан Алибаевич.

Ал өзүнүн арызында ушул жылдын 30-сентябрында саат 17:30дар чамасында Сузак районунун тургуну У.Шерзод анын конституциялык укугун бузгандыгын билдирген. Ал шайлоого карата добуштарды сатып алуу максатында президенттикке талапкерлердин бирине үгүттөө иштерин жүргүзүп, добушуӊарды берип койгула деп үйүнө 3 атуул менен келип, 1 кап ун таштап кеткенин билдирген. У.Шерзодго карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

У.Шерзод менен чогуу барган атуулдардын бири такталып, ал Сузак районунун Сузак айылынын З.Мураталиев көчөсүндө жашаган тургун экени аныкталган. Ал үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы, билими орто, эч жерде ишбеген 1995-жылы туулган М.Мирзохид экендиги такталып, андан түшүнүк кат алынган.

Ал өзүнүн түшүнүк катында менчик «Хонда Фит» үлгүсүндөгү ( мамлекеттик номуру О 35 56 АТ) автоунаасы менен Муслим аттуу таанышы менен биргеликте У.Шерзоддун буйругу менен Барпы көчөсүндө токтоп турган «Портер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын алдына токтотуп, андагы жүктөлгөн 20-25 каптын бирин алып, жогорудагы арыздануучунун үйүнө алып барып ташташканын айткан. Барпы көчөсүндө жашаган 10 түтүн үйгө дагы добуш берип коюуну талап кылып, ар бирине бирден кап ун бергендигин билдирген.

Аталган арыз Сузак РИИБдин кылмыш каттоо китебине ошол эле күнү №1549 саны менен «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп катталып, текшерүү учурунда арыздануучу У.К.А. калыстардын катышуусунда фото-техниканы колдонуу менен өз ыктыяры менен үйүндө турган 1 кап унду милиция кызматкерлерине тапшырган.

Ушундай эле арыз менен Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну О.Ф.Ш. жана Сузак айылынын 1961-жылы туулган тургуну Ч.А.И. дагы кайрылышкан.

Шектүү У.Шерзодбек 1984-жылы Сузак районунун Сузак айылында туулган. Жеке ишкерчилик менен алектенет. Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн депутаты. Аталган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан алдын ала тергөө жана текшерүү амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 994
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×