Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Фото - Президент А.Атамбаев чүйлүктөрдүн суроолоруна жооп берди

Turmush -  

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрда Чүй облусундагы Сокулук жана Москва райондорунун активи жана жашоочулары менен жолугушту. Суроо-жооп форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы жарандардын калктуу пункттарды таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылууга, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык объектилердин курулушу жана башка маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди.  

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, сугат жерлерди райондордун калкынын кызыкчылыгы жана регионду өнүктүрүү үчүн сарамжалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

«Сиздердин колдооңуздар мага дем берип турду, сиздер мага ишенип, мени колдогонуңуздарды  билип турдум. Биз адилеттүү бийликтин жана эркин адамдардын өлкөсүн куруп жатабыз», - деди президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди  чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1083
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×