Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Аламүдүндө унаа уурдоого аракет кылган 27 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Чүйдүн Аламүдүн районунда автоунаа уурдоого аракет кылган 27 жаштагы жигит кармалды. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аламүдүн районунун 53 жаштагы тургуну Б.М. жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 9-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында «Форд Мондео» автоунаасын Марат аттуу чала таанышы уурдоого аракет жасагандыгын билдирген.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 27 жаштагы К.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-172-беренелери менен (автотранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×