Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Видео - 9 жаштагы Арууке 200дөн ашык мамлекеттин борборун жатка билет

Turmush -  Ош шаарынын 9 жаштагы тургуну Арууке Тойчиева 212 мамлекеттин борбор шаарларын жатка билет. Анын борбор шаарларды жаттоо өнөрүнө туугандары себеп болгон.

Арууке 4 жашында тамга таанып, 5 жашында китеп окуп баштаган. Учурда 4-класста билим алып жаткан каарманыбыз сабагын «эң жакшы» бааларга окуп, классында президенттин кызматын аткарат.

IMG-20171010-WA0285  
«Мен Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы мектепте окуйм. Үйдө туугандарыбыз мамлекеттердин борборун сурап калганда билбей калчумун. Ошондон улам борбор шаарларды жаттап баштадым. Өзүмдү текшерип көрүү үчүн "Мыктынын мыктысы" теледолбооруна катышып, жеңип алдым. Азыр 212 мамлекеттин борборун жатка билем», - деди ал.

Аруукенин апасы Кенже айымдын айтымында, кызынын эске тутуусу жакшы, сыналгыдан көргөн ар бир жарнаманын текстин дагы дароо өзүндөй кылып туурап берет.

«Арууке үйдө 5 бир туугандын кичүүсү. Биздин кенжетайыбыз. Мектепте дагы сабакты жакшы билет. Сыналгыдан чыккан ар бир жарнаманы калтырбай туурап берип, бизди күлдүрөт. Ырдап, бийлеп, бош убактысында шахмат ойнойт. Келечекте кызыбыздан көптү үмүттөнөбүз.

Арууке тамганы башка балдарыма караганда эрте өздөштүргөн. Кыргыз тилиндеги тамгаларды 2 күндүн ичинде жаттап бүтүп, 5 жашынан тартып өз алдынча китеп окуй баштады. 6 жашка толо элек мектепке барып, учурда 4-класста окуп жатат», - деди ал.

Жаш талант келечекте сот болууну кыялданат. Ал тергөө иштерине кызыга турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1250
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×