Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Соттун өкүмүн күтүп жаткан Аида Салянованын жанында кимдер бар?

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин карады. Процессте Чинара Жакупбекова жактоочу болду. Отурумдун аягында төрагалык кылуучу сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кирип кетти.

Буга чейин залга милиция кызматкерлери журналисттерди киргизбей жатканы маалымдалган.

Залга болжол менен депутаттын 40ка жакын тарапташтары чогулду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, акыйкатчы Кубат Оторбаев, Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана башкалар бар.

Мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин депутаты Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында кылмыш иш козголгон.

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы аны юстиция министри болуп турганда 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин изделип жаткан Алексей Елисеевге жактоочунун уруксат кагазын мыйзамсыз берген деп айыптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×