Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыга 10 млн сомго гемодиализ борборун курган М.Исагалиев «Даңк» ордени менен сыйланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына 10 млн сомго гемодиализ борборун куруп, мамлекетке өткөрүп берген жеке ишкер Мирлан Исагалиев  «Даңк» ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 7-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөрүлдү. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн бир нече адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 10-мартында Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылган. Анын курулушуна жергиликтүү тургун Мирлан Исагалиев 10 млн сом которгон. Ал борборду ата-энесинин урматына курууну чечкен. Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты, сууну тазалоочу система, 5 сыналгы, муздаткычтар орнотулган.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, шаар боюнча гемодиализге муктаж 18 адам бар. Борбор эми жакынкы райондордун тургундарына да жардам көрсөтө алат. Уролог дарыгерлер бир айлык окуудан өтүшкөн. Эми борбордун ачылышынан тарта анда эки дарыгер жана беш медайым иштеп баштайт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, гемодиализ борбору 5 орунга ылайыкталган. Борбор шаардык оорукананын аймагында жайгашкан.

Курулуш 2016-жылдын июнь айында башталган. Борбордун имараты 40 тонналык 4 контейнерден курулуп, 60 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда регистратура, күтүү залы, 5 орундуу процедуралык зал, көмөкчү жай, медициналык кызматкерлер үчүн бөлмө жана санитардык түйүн орун алган.

Балыкчы шаарынын мэриясынын көмөктөшүүсү менен жылытуу системасы, электр энергиясы жана суу киргизилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен борборду кадрлар менен камсыз кылуу жана аларды окутуу маселеси чечилген. Шаардык ооруканадан 5 кызматкер бөлүнгөн.

Кийинчерээк шаардык мэрия тарабынан гемодиализ борбору үчүн дизелдик генератор сатып алууга каражат топтоо демилгеси көтөрүлгөн.

«Шаардыктар ден соолукту коргоо маселесине кайдыгер эмес экенин дагы бир жолу далилдешти. Ушул максатта атайын ачылган эсепке айрым жамааттар өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын которушса, ишкер адамдар накталай акчаларын беришти. Жыйынтыгында аталган борбор үчүн наркы 8 миӊ долларга генератор сатып алынып, гемодиализ борборуна берилди», - деп билдиришкен мэриядан.

Мындан тышкары, жеке ишкер М.Исагалиев тарабынан Талас шаарындагы Чолпон Мамбетов атындагы облустук биргелешкен ооруканасына Германиядан алынган реанимобиль тапшырылган.

М.Исагалиевдин айтымында, бул жардам эч кандай саясий көз карашты билдирбейт.

«Менин жакындарым ооруганда кыргыз медицинасынын техникалык абалы жетишсиз экенин көрүп, жардам берүүнү көздөп келгем. Эми ал кыялдарга жетип жатам. Буга чейин Балыкчыда гемодиализ борборун салдык. Тоң райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жардам кылдым. Эми Таласка жардам берүүнү көздөп, аракетин көрдүм. Бул жасаган ишимдин бары ата-энемдин сообуна багышталат. Элге жардам берсем, көңүлүм жазылып кубанып калам», - деген ал.

М.Исагалиевдин АКИpress агенттигине берген маеги

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5378
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×