Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: Өзбекстандык Дилфуза жаңы келин болуп келгенде бир койдун этин иттерге жедирген (фото)

Turmush -  Дилфуза жеңе Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Тейит айылында 1988-жылы төрөлгөн. Ал 2012-жылы Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылына келин болуп келди. Жолдошу Алтынбек Абдыкулов менен аз убакыт гана сүйлөшүп баш кошконун айтат.

«Жолдошумдун эжеси менен менин жеңем базарда иштешчү. Экөө сүйлөшүп отуруп, бизди тааныштырууну чечишет. Алардын макулдашуусу менен биз бири-бирибизди көрдүк. Алгачкы жолугушууда болочок жолдошум көк бөрү оюнунан кийин барыптыр. Кийимдерин которбостон мен иштеген мекемеге барган. Азыр ошол учурду көп эстейбиз. Жигит алгачкы жолугушууга жасанып-таранып барса, биздики тескерисинче болгон.

Жаңы келин болуп келгенде кайын журтумду тергегенден кыйналдым. Унутуп калып, ысымынан атап чакырып алган учурлар болгон», - деди каарманыбыз.

Дилфуза жеңе жолдошун шайыр жана ак көңүл мүнөзү үчүн жактырган.

«Мен турмушка чыккан айыл тоолуу болгондуктан жумуштарды жасай албай көп уят болдум. Алгачкы жолу кошуна аялдар келин көргөнү келишти. Кайын энем "тоокту союп, кайнатма шорпо жаса" деди. Билбейм дебестен макул болдум. Жолдошум тоокту союп келип, мен жүнүн тытып, жиликтөөгө кириштим. Тооктун кекиртегин көргөндө жыланга окшоштуруп коркуп кетип, колумдагы этти ыргытып жибергем. Аны кайын энем түшүнүү менен кабыл алып, тилдеген жок.

Кайын журтум этти сыртта сактачу. Бир күнү чоң кайын энем айылчылап бара жатып, союлган койдун этин түндө үйгө алып кирип кой деп табыштап кетти. Бирок мен аны унутуп калыптырмын. Эртеси сыртка чыксам бир койдун этин иттер жеп кетиптир. Үйдөгүлөр келгенде эмне деп актанарымды билбей турсам, ал кырдаалдан жолдошум алып чыгып кетти. "Түндө досторумду чакырып, этти куурдак жасатып жедик" десе, кайын энем: "бир койдун этин бүт жеп салдыңарбы?" деп ачууланган», - деди Дилфуза жеңе.

Учурда жубайлар 3 уулду тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1071
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×