Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Миң-куштуктар кен казууга уруксат лицензиялар баш аламан берилишине нааразы (видео, фото)

Turmush -  Жумгалдын Миң-Куш айылынын тургундары кен казууга уруксат лицензиялар баш аламан берилишине нааразы. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар эл өкүлү менен жолуккан учурда билдиришти.

«Бизде илгеркидей завод, фабрика жок. Эл мал менен калышты. Бирок малды багалы десек жайыттарыбыз жок», - деди тургундар.

Айылдык кеңештин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы Марсбек Ишенбаевдин маалыматында, бийлик көмүр казган компанияларга баш аламан лицензияларды берип жатышат жана элдин суроо талаптары аткарылбай келет.

«Жайыттарды көмүр казгандарга берип жатышат. Жашап жаткан жерибиздин айланасын карьерлер каптап келе жатат. Миң-куштуктар мал-жандык менен алектенип калдык. Азыр бизде кеминде 7 көмүр казган карьер болсо, дагы 5 компаниянын лицензиясы турат. Кен чалгындоочулардын жетекчилери, орун басарлары келип жатышат. Бирок Миң-Куш айылына келип жеринде көрүшпөйт, райондун борборуна келип гана тим болушат. Биз бул жакта кырылышып жатабыз. Жакынкы күндөрү айылда чоң элдик жыйын болот. Андан тышкары айыл жаштары көмүр казган ишканаларга нааразы болуп, жол тосууга барышарын белгилеп жатышат», - деди М.Ишенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×