Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Базар-Коргондо алдыңкы мугалимдер сыйланды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чара райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага аким А.Бегимкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары М.Бакиров, Т.Масабиров жана эмгек ардагерлери катышты. Анын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов мугалимдерди куттуктап, аларга акимиаттын, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 310
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×