Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Видео, фото: Вице-премьер Т.Жумакадыров Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Turmush -  Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарында өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уюштурулуп, президент А.Атамбаев баштаган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жакындары жана шаардыктар катышты.

38 жашында көз жумган Т.Жумакадыровдун артында 3 кызы калды.

Т.Жумакадыровдун денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол кырсыктан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болду.

Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерде каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген.

32 жаштагы Нурлан Жамгырчиев кечээ, 8-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда акыркы сапарга узатылды.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жатканда жол кырсыгына кабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6153
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×