Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эмгек менен ширелишкен өмүр: Темир Жумакадыров Кыргызстандын аймактарында (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда саат 7:30дар чамасында жол кырсыктан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду. Turmush басылмасы Т.Жумакадыровдун өлкөнүн аймактарына жасаган иш сапарлары туурлуу жаңылыктарды сунуштайт.

Ушул жылдын 11-сентябрында Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Достук айылында Шамалды-Сай чек ара заставасынын имаратынын курулушу башталган. Капсула салуу аземине вице-прьемер-министр Темир Жумакадыров катышкан.

Анда Т.Жумакадыров армияны күчтөндүрүү үчүн чоң аракеттер жумшалып жатканын, Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарынын 85%ы такталып калгандыгын белгилеген.

«Армияны күчтөндүрүү үчүн бар күчүбүздү жумшап жатабыз. Мына ушул застава жакшылыктын ордосу болсун. Дагы да шарттарды жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшай беребиз. Ала-Бука районунда аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курулганы жатат. Бул да кызаткерлерге шарт түзүүнүн кадамы болууда», - деген ал.

 Ушул жылдын 1-сентябрында Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында Жапар Шабиров атындагы мектептин жаңы курулган имараты чоң салтанат менен мектеп ачылган. Ачылыш аземге вице-премьер Темир Жумакадыров катышкан. 250 орундуу мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 47 млн, ал эми анын эмеректерине 2 млн сом сарпталган.

 Ушул жылдын 31-августунда Каракол шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров да катышкан.

 Ушул жылдын 2-октябрынд Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда «Жети аке кубогу -2017» аталыштагы ат оюндарынын мелдеши өткөн. Ат оюндарынын ачылыш аземине КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров катышып катышуучуларга ийгилик каалагн.
Жалпы байге фондуна 1 млн сом каралган ат оюндарына облустун бардык райондорунан келген командалар катышкан.

 2015-жылдын 29-декабрында Чүй облусундагы Москва районунда ИИМдин кызматкерлери үчүн көп батирлүү жатакананын салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Анын ачылышына ал убактагы Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, ИИМдин бшчысы Мелис Турганбаев катышкан.


 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4222
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×