Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Фото — «КамАЗ» Темир Жумакадыровдун унаасын бир нече метрге сүрүп, жол жээкке чыгарды, - күбөлөр

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыктын күбөлөрү окуя тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришти.

«Багымдат намазы учурунда дөңгөлөктүн катуу жарылган үнү угулду. Сырткы чыксак буудай жүктөгөн «КамАЗ» «Тойота Ланд Крузер» үлгүсүндөгү унааны жол жээкке чейин 20-30 метр сүрүп, бир бакты, карагай зымды сындырып токтошуптур», - дешти күбөлөр.

Бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол транспорт кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсыктан аны менен кошо жардамчысы, айдоочусу да каза болду. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Бийлик вице-премьер-министрдин каза болгондугун тастыктады. Анда «Тойота Ланд Крузер» менен «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ланд Крузердин» ичинде вице-премьер-министр Жумакадыров Т.К., жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.

Тема боюнча: Каза болгон вице-премьер-министр Т.Жумакадыровдун өмүр баяны

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×