Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Тагдыр: Ичкиликке берилип кеткен ырчы О.Сапаров кайрадан чыгармачылыкка кайтып келди (видео)

Turmush -  1997-1998-жылдары ырлары менен популярдуу болгон Орозбек Сапаров турмуштагы бир топ кыйынчылыктардан кийин кайрадан сахнага кайтты. Ырчыдан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Баткен районунун Газ айылынын тургуну. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 1997-жылдан 2008-жылга чейин 10го жакын альбому жарык көрүп, жалпысынан 200гө жакын ырларды жараткан. Ырлары менен популярдуулукка жетишип, унаа алып, музыкалык аппараттар менен камсыздалып, 2008-жылдан тарта тойлорго чыгып жүрчү. Бирок ошол учурда ичкиликке бериле баштаган. Бара-бара карызга батып, унаасын да, музыкалык аппараттарын да сатып, үй-бүлөсү менен ажырашып тынган. 2 баласы менен үйүндө жегенге нан таппай калган учурлары болгон. Кээде дүкөндөрдүн жанына жатып калып, ар кимден акча сурана баштаган. Ичкиликтин айынан достору, туугандары да карабай калган. Болгону ата-энеси ичкиликтен арылтууга аракет жасашкан.

Ырчы кийинчерээк мечитке барып, намазга жыгыла баштап, ичкиликти таштаган. Үйүнүн жанына дүкөн куруп, унаа сатып алып, кайрадан биринчи аялы менен жарашты. Биринчи аялынан кийин турмуш жаңыртып, бирок 6 жыл бирге жашагандан кийин ажырашкан болчу.

Ырчы учурда чыгармачылыкка кайтып, жаңы дем менен ырларды жаратуунун үстүндө изденип жатат.

Орозбек Сапаровдун ырлары

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23124
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×