Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

«Жеңеке»: Баткендик Айсалкын жеңе жолдошу менен алгачкы жолу кездешкен кечеге милиционерлер кирип келген (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Темирбаева Айсалкын жеңе жолдошу Тажимат Жапаров менен таанышкан күнү милиция кармап кеткен. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

35 жаштагы Айсалкын жеңе Достук айылында чоңойгон.

«1999-жылы мектепти аяктап, 2000-жылы Баткен мамлекеттик университетине окууга тапшыргам. 1-курста тайпалаш кыздар менен отуруш уюштурдук. Кыздар менен барсам ал жактагы жигиттердин арасында келечектеги жолдошум да бар экен. Ошол кечеде бири-бирибиз менен таанышканбыз. Бийлеп жаткан учурубузда ылдыйкы кабаттагы кошуналардан арыз түшүп, бир убакта үйгө милиция кирип келди. Мен атамдан өтө коркчумун, атама отурушка барганым билинбесин деп ваннага жашынып калганым эсимден кетпейт. Жигиттерди милиция кызматкерлери алып кетип, отурушубуз да токтогон», - деди жеңе.

Жеңеке жолдошу менен таанышкандан соң 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2001-жылы баш кошушкан.

«Биздин Достук айылыбыз Тажикстанга чектешип тургандыктан Кыргызстан тараптан жол ачыла элек болчу. Тажикстан тараптан гана барууга болот эле. Бирок жолдошум өзүнүн айылы жактан адыр-тоолорду аралап, мотоцикл менен жолугушууга келчү. Ал убакта телефон да жок эле. Күйөөм кошуна балдардан «саат ушунчада ушул жерде болом» деп айттырып жиберип, мен да ошол убакта жолугушчу жерге барып калчумун», - деди ал.

Ал эми, жолдошу Тажимат Жапаров жубайына жолугуу үчүн агасынын мотоциклин айдап качып кетип жүргөндүгүн белгиледи.

«Ал убакта Кызыл-Бел–Достук жолу ачыла элек болчу. Ошол себептен жолугушууга тоолорду аралап барып жүргөм. Акелерим билип калса такыр уруксат беришчү эмес. Ошондуктан эч кимге билдирбей өзүм мотоциклди эптеп алып кетип калчу элем», - деди ал.

Айсалкын жеңе буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Бир күнү үйгө сыйлуу коноктор келди. Мен «аш бышырып берем» деп, тамакты баштагам. Очокканабыздын шыбы жамгыр жааган убакта көчүп түшчү. Ошол убакта жамгыр жаап, тамагымды дымдаардан мурда казанга да ылай түшүп калганын байкабай калып, ашты демдеп салыптырмын. Кайын энем «ашыңды алып келе бер» дегенинен барып карасам тамак жеп болбой турган абалда турат. Үстүнө түшкөн ылай да эзилип, аябай аралашып кетиптир. Конокторго «тамак бышып жатат, азыр даяр болот» деп отуруп, ошол ашым тартылбай калган. Өзүмө-өзүм ачуум келип жаман болгом», - деди жеңе.

Айсалкын жеңе учурда мектепте кыргыз тил, адабият сабагынан, жолдошу тарых сабагынан мугалим болуп иштешет. Экөө 1 кыз, 3 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×